Чүй облусунда бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаран кармалды
Кыргызстандык жаранды РФга жумушка орноштурууга убада берип, акчасын ээлеп, изин жашырып кеткен
Чүй облусунда бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаран кармалды.
Милицияга бир нече жарандар Чыңгыз аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал жаран Россияга жумушка орноштурам деп убада берип, 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражатын алган. Андан кийин ал белгисиз тарапка качып кеткен.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209 "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон.
1999-жылы туулган Т.Ч. кармалып, Бишкек ШИИБдин УККсына киргизилген.
Милиция тарабынан кармалган жарандын Аламүдүн районунда алдамчылык боюнча жети фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.
Милиция бул адамдын колунан жапа чеккен жарандарды ички иштер органдарына 0 (312) 36-35-27, 0 (312) 36-35-23 же 102 телефондору аркылуу кайрылууну өтүнөт.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www