Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик спортчу Алматыда өткөн бокс боюнча мелдеште жеңишке жетти

Мелдеш Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчуларынын катышуусунда өттү

Алматы шаарында бокс боюнча чоңдор арасында өткөн салттуу мелдеште мушташ боюнча Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Санжар Акматов 1-орунду багындырды.

Турнир Казакстандын биринчи коргоо министри, Советтер Союзунун Баатыры Сагадат Нурмагамбетовдун жаркын элесине арналды.

Мелдеш Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчуларынын катышуусунда өттү.

Турнирге Санжар Акматовдон тышкары СДЮШОРдун башка тарбиялануучулары да катышты: Сатыбалды уулу Сагын 75 килограмм салмакта, Ыхтияр Нишонов (67 кг), Анвар Ходжиев (51 кг) жана Аскат Култаев (67 кг).



Санжар Акматов спорт чеберине талапкер жана 2021-жылдагы бокс боюнча жаштар арасындагы КР чемпионатынын чемпиону. Былтыр Дубайда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында да 2-орунду алган.

Борбор калаанын муниципалитети спортчуга жана анын машыктыруучусуна мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх