Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин мэрлигине талапкердин эжеси мыйзам буздубу?

Азиз Суракматовдун эжесине таандык насыя берүүчү компаниянын иши токтотулду

Бишкек шаарынын мэрлик кызматына жалгыз талапкер Азиз Суракматовдун тууганына таандык чакан насыя берүүчү компаниянын иши токтотулду. Бул туурасындагы маалыматты Vesti.kg сайтына КР Улуттук банкынан тастыкташты.

Анда белгилүү болгондой, бүгүн, 31-июлда Суракматова Гульбара Эмильбековнага таандык “Финанс Кредит Строй” ЖЧКсы аталаган кичи насыя берүүчү компаниянын лицензиясы Улуттук банк тарабынан тиешелүү талаптарды аткарбагандыгы үчүн кайтарылып алынган.

Эске сала кетсек, Улуттук Банк  Кыргызстандагы баардык банктар менен насыя берүүчү каржылык компаниялардын үстүнөн көзөмөл жүргүзөт.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх