Депутат Осмонбек Артыкбаевдин мүлктөрү камакка алынды
Эл өкүлүнүн жубайында 3 “Лексус” жана 1 “Мерседес” бар болсо, а Артыкбаевдин өзүнө бир гана “Ауди” катталган
Жогорку Кеңештин камакка алынган депутаты Осмонбек Артыкбаевдин мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу Vesti.kgге УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
- Коррупцияга күнөөлөө боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Артыкбаевдин жакындарынын мүлктөрү да камакка алынды, - деп маалымдашты Улуттук коопсуздук мамкомитетинен.
УКМК Vesti.kgге эл өкүлүнө ГАЗ – 53 жана “Ауди” маркасындагы эки машина таандык экендигин айтты.
Ошол эле учурда депутаттын уулуна Бишкектеги үй, борбор калаанын борборундагы турак жай эмес имарат жана “Лексус – LX570” автомобили катталган.
Эл өкүлүнүн жубайынын ээлигинде 4 автоунаа бар: “Лексус – GX470”, “Лексус – LX470”, “Лексус – GX460”, “Мерседес-Бенц – Е350”. Ошону менен бирге Бишкектен 3 турак жай эмес имарат, 1 дүкөн, жер участогу жана борбор калаадагы көп батирлүү үй да ага тиешелүү болуп чыкты.
Мындан сырткары, эл өкүлүнө 4 компаниядагы, анын жубайына 3 ишканадагы үлүштөр таандык болуп саналат.
Эске сала кетсек, депутатка карата Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча 303-берененин 1-бөлүмү “Коррупция” боюнча кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда Осмонбек Артыкбаев УКМКнын СИЗОсунда олтурат.
Зулайка Эркимбаева
Фото WWW