Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кашкар Жунушалиев отставкага кетсин. Аёосуз сабалган балдардын туугандары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты

Шектүүлөр Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылышкан

Бишкектеги супермаркеттин жанынан мыкаачылык менен ур-токмокко алынган балдардын туугандары бүгүн өкмөттүн имаратынын алдына чогулушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ИИББнын басма сөз кызматында маалымдашты.

Митинг учурунда туугандардын бири, эгерде бул мушташ боюнча иш аягына чейин чыкпаса, анда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев отставкага кетсин деген талабын койду.
Митинг аяктагандан кийин борбор калаанын ИИББнын башчысы чогулгандарды жыйындар залына чакырды.

- Канат Жумагазиев шектүүлөр жакынкы арада кармалаарын убадалады, - дешти милицияда. - Маалым болгондой, алар Кыргызстандын аймагынан чыгууга аракет кылып, бирок, бул тилектери ишке ашкан эмес.

Мындан сырткары, Чүй ОИИББде иштеген шектүүлөрдүн биринин бир тууганы УКМКга суракка чакырылганы маалым болду.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Ленин РИИБна 28-августта Д.М аттуу айым кайрылып, ошол күнү болжол менен таңкы 07:00дө Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» супермаркетинин жанынан күйөөсүн мыкаачылык менен сабап, изин жашырып кеткен жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. В Алган жаракатынан улам 1998-жылы туулган М.А. аттуу жаран кома абалына түшүп, Улуттук госпиталга жаткырылган.

Аталган факт Ленин райондук ИИБнын Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (ден-соолукка оор зыян келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Милиция тарабынан шектүү делип, 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана 1999-жылкы Сейитбеков Калысбек Сейитбекович аныкталган.

Эскерте кетсек, жаш жигиттердин аёосуз сабалган видеосу коомчулуктун үрөйүн учурган. Мушташка катышкандардын бири эс-учун жоготкон эркек адамдын башына секирген.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх