Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Билим берүү министри Сталинге окшоп ар бир окуу китепти өзү текшерип чыгышы керек

Депутат Каныбек Исаковдун буга убактысы жетет деп ишенет

Билим берүү министри басууга даярдалган ал бир окуу китебин өзү текшерип чыгышы керек. Мындай оюн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

- Сталин жеке өзү ар бир китепти текшерип чыкчу экен, эгерде анын буга убактысы жетсе, демек министрдики деле жетет да, - деп эл өкүлү билим берүү министрине талапкер Каныбек Исаковго кайрылды. - Финляндияда башталгыч класстарда 644 окуу саты бар, бизде 850. Бирок, мындан билим сапатыбыз жогорулап кетпей эле, тескерисинче артка кетүүдө. Бул маселени чечүү шарт.

Муну менен бирге Жапаров мугалимдик кесиптин аброюн университетте билим алуудан баштап жогорулатуу зарыл деп кошумчалады.
- Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүп тим болбостон, студенттердин стипендиясын дагы жогорулатуу керек, - деди депутат. Стипендия миң сомдон аз болбоого тийиш.

Эске салсак, өкмөттө Каныбек Исаковдун талапкерлиги билим берүү министринин кызматына талкууланууда.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх