Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рыскелди Момбеков: Мектептеги балдарга караганда ИИМдеги иттер оңураак тамак жешет

 Депутат Билим берүү министрлигин окуу жайлардагы тамактандырууга бөлүнгөн акча каражатты кайрадан карап чыгууну суранды

Билим берүү министрлиги мектептеги тамактандыруунун каржылоосун кайра карап чыгууга тийиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

- Мектептерде бир баланын тамагына күнүнө болгону 7 сом эле бөлүнөт экен, - деди ал нааразычылыгын жашырбай. -Ушул акчага да тамак жесе болобу? Түрмөдө отургандарга күнүнө тамакка 70 сом бөлүнөт. Деги койчу - ИИМдеги иттердин тамагына күнүнө 100 сом бөлүнөт экен.
Өз кезегинде билим берүү министрине талапкер Каныбек Исаков эл өкүлүнүн сөзүн туура деп таап, кызмат ордуна дайындала турган болсо, бул көйгөйдү караштырарын билдирди.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх