Депутат Шайназаров: Кыргызстанда тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүү керек
Эл өкүлүнүн айтымында иликтөө органдарынын кызматчылары айына 300 кылмыш ишинин 50сүн гана карап чыгууга жетишет
Кыргызстанда тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүү керек. Мындай оюн депутат Тынчтык Шайназаров парламенттин жыйынында билдирди.
- Азыркы күндө, маалыматтарга таянсак, Бузуулардын бирдиктүү реестрине ылайык ар бир тергөөчүнүн өндүрүшүндө 300гө жакын кылмыш жана бузуулар бар экен, - деди эл өкүлү. 500дөн кылмыш иши деп койсо болот. Бир тергөөчү бир айдын ичинде иштерди карап чыгууга убактысы жетпейт. Алар болжол менен 50нү карап чыгышат. Кийинки жумада палатанын жыйынында мага маалымат беришиңерди талап кылам. Тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүүнү суранам. Ыкчам жана аймактык тергөөчүлөр бар да.
Эл өкүлү ар бир материалдын аркасында «адам өмүрү» турганын белгиледи.
- Бул маселени штатты көбөйтпөй туруп, болгон штаттык бирдиктердин алкагында чечиш керек, - деп улантыы Шайназаров. - Мен бул маселеге көңңл бурганымдын себеби - милиция кызматкерлери, УКМК, ЭКККМК тарабынан оор ишти алып барып жатышат. Башкы прокуратура мекемелерде жетиштүү штаб барбы-жокпу көзөмөлдөп, кандай багытта жумуш жүрүп жатканын текшериши керек. Бул өтө маанилүү, анткени, ар бир материалдын аркасында адамдын өмүрү турат.
Медина Купсулдаева
Фото www