БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жол-жобосун сунуштайт
БШК татыктууну тандоону жана ар бир добуш маанилүү экенин эскертет
Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жолдорун түшүндүрдү.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, шайлоого Кыргызстандын 18 жаштан жогору жарандары катыша алат.
Шайлоо күнү сиз:
Эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеген өзүңүздүн шайлоо участкаңызга келишиңиз керек;
шайлоо тизмесинен өзүңүздү табыңыз; операторго паспортуңузду көрсөтүңүз. Ал ID-карта же чет өлкөгө чыга турган паспорт, же "Түндүк" системасындагы ID-картанын электрондук түрү болушу мүмкүн. Оператор сизди биометрикалык жана персоналдык маалыматтар боюнча идентификациялайт. Аныктоодон кийин аппарат сизге чек жана шайлоо бюллетенин берет; чекти участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө өткөрүп берип, шайлоочулардын тизмесине кол коесуз; шайлоо бюллетениңиз менен добуш берүү кабинасына өтөсүз; эгерде сиз шаардык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаңыз, бюллетенде добушуңузду бере турган партияны тандаңыз. Эгерде сиз айылдык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаныз, анда талапкерлерди тандаңыз;
бюллетенинизди автоматтык түрдө окуган урнага киргизиңиз;
БШК татыктууну тандоону жана ар бир добуш маанилүү экенин эскертет.
Шайлоо участогунун номерин жана дарегин 119, 1255 номерине чалып билсеңиз болот.