Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендин Зардалы айылында шайлоонун жыйынтыгы биринчилерден болуп чыгарылды

Буга чейинки шайлоолордо Зардалы айылынын шайлоочуларынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы эң акырында чыгып келген

Кун мурун 17-ноябрда саат 20:00гө карата Баткен районунун Зардалы айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын 83,3%ы катышып, добуш берди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Зардалы айылындагы № 8068 шайлоо участкасында катталган жалпы 36 шайлоочунун 30у добуш берди. 6 жаран ички жана тышкы миграцияда болду.

Белгилей кетсек, 29-сентябрда президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барып, тургундардын уюлдук байланыш жеткирип берүү маселесин колдоого алып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон.

Натыйжада “Мега” компаниясы айылга уюлдук байланыш орнотуп, айыл тургундары президент менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Эске салсак, буга чейинки шайлоолордо Зардалы айылынын шайлоочуларынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы эң акырында чыгып келген.

Анткени байланыш жоктугунан кызматкерлер бюллетендерди кошуна айылга алып келип, ал жерден байланышка чыгып, маалымат берип келишкен.

Байланыштын орнотулушу шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө жана убагында жыйынтыктоого шарт түздү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх