Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банк быйыл биринчи жолу валюталык интервенция жасады

Улуттук банк 104 миллион доллардан ашык сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы бир күн мурун валюта рыногунда 104 миллион 250 миң доллар сатты. Бул тууралуу каржылык жөнгө салуучу органдын сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, доллардын курсу өзгөргөн жок. Улуттук банктын расмий курсу 85,68 сомду түздү.

Өткөн жылы Улуттук банк 486,5 миллион долларга чет элдик валютаны сатуу боюнча сегиз интервенция жүргүзгөн.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх