Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинде 2021-жылга карата бюджеттин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы

Кандай финансылык бузуулар аныкталды?

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүздү.

Жалпысынан 320 636,3 миң сом суммасында финансылык бузуулар аныкталган. Анын ичинен: каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 308 863,3 миң сомду түзөт. Анын ичинен:
- 87 665,5 миң сом өлчөмүндө эмгек акынын негизсиз төлөмдөрү;
- 7724,7 миң сом өлчөмүндө материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруулар;
- негизсиз иш-сапардык чыгымдар 134,1 миң сомду түздү;
- атайын каражаттарды казынадан тышкары пайдалануулар 6 689,2 миң сомду түздү.
- курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө 4 717,9 миң сомду түздү;
- бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 48 417,5 миң сомду түздү;
- жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздар 47 747,5 миң сомду түзөт;
- башка деңгээлдеги бюджеттерде турган уюмдарга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар 105 766,9 миң сомду түздү, анын ичинен: 2021-жыл ичинде республикалык бюджеттен “Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренеси боюнча 85 120,4 миң сом жана борборлоштурулган иш-чараларынын эсебинен билим берүү уюмдарынын Интернет байланышы үчүн 20 646,5 миң сом чыгымдалган.
Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 819 073,8 миң сомду түздү, анын ичинен 106 480,3 миң сом ордуна коюлууга тийиш, 100 286,5 миң сому ордуна коюлган, 6193,8 миң сом ордуна коюлуусу керек.
Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 158 720,6 миӊ сомду түзгөн, анын ичинен: 122 864,6 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, ордуна коюлганы 6 959,6 миң сом, 115 905,0 миң сом ордуна коюлуу керек.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх