Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жумушчулардын 4 пайызы гана 66 миң сомдон ашык айлык алат

Статком Кыргызстандагы эмгек акынын өлчөмү боюнча изилдөөсүн чыгарды

Кыргызстанда жумушчулардын төрт пайызы гана 66 миң сомдон ашык суммага маяна алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.


Статком 2022-жылдын ноябрь айында ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин эсептелген эмгек акынын өлчөмү боюнча санынын жылдык изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Мында кызматкерлерди бөлүштүрүү 2022-жылы 2 миң 200 сомду түзгөн минималдуу эмгек акынын минималдык өлчөмүн колдонуу менен жүргүзүлдү.


Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 240 миңден ашуун адам же кызматкерлердин дээрлик жарымы, башкача айтканда 49 пайызы 22 миң 1 сомдон 66 миң сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

20 миңге жакын адам же жалпы жумушчулардын 4 пайызы 66 миң сомдон ашык өлчөмдө эмгек акы алышкан. Ошол эле убакта 19 миңден ашуун адам, же болбосо жумушчулардын 4 пайызы 6 миң 600 сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.


фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх