Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматы 2023-жылдын 1-кварталында бажы төлөмдөрүн чогултуу планын дээрлик 1 млрд сомго ашык аткарды

Өсүү темпи 180,4%ды түздү

2023-жылдын март айында, 2023-жылдын 3-апрелине карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндөгү түшүүсү 8,1 млрд сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,5%га аткарылды же 568,9 млн сомго көп чогултулду.
2022-жылдын март айына салыштырмалуу түшүү 3,6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 180,4%ды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 3-апрелине карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 20,7 млрд сомду түздү. План 105,0%га аткарылды же 994,1 млн сомго ашыкча чогултулду.
2022-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу түшүү 6,5 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 145,9%ды түздү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх