Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендеги жабыркаган ишкерлерге жардам

 Быйыл аларга насыя берүүгө бюджеттен 90,3 млн сом каралган

Баткенде жабыркаган ишкерлерге 2023-жылы кредиттик каражаттарды берүүгө республикалык бюджеттен 90,3 млн сом суммасында акча каражаттары каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтин кызматкерлери Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан 212 жабыркаган субъекттер менен жумуш алып барып, 75 ишкер менен кредиттик келишим түзгөнгө жетишти.

Учурда калган ишкерлер менен кредиттик каражаттарды берүү максатында белгиленген иштер жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх