Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын артык эмес тыртык демилгелери

Кредиттик маалымат алмашууга катышуучуларды кыскартуу демилгеси заманбап финансылык инструменттерди өнүктүрүү саясатына каршы келет

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык көзөмөл жана финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматы 2023-жылдын 16-мартында кредиттик бюро/реестлерге маалымат берчү уюмдардын тизмесинен ломбарддарды алып салуу жөнүндө укуктук-ченемдик документтерге өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты. Бул өзгөртүүлөр, албетте, кредиттик маалымат менен алмашуу системасынын натыйжалуулугуна кедергисин тийгизбей койбойт. Кредиттик рыноктогу ар кандай каржы институттарын теңсиз атаандаштык шарттарга коюп, чекене кардарларга финансылык жеткиликтүүлүктү алда канча арттырып келген каржы булактарын сунуштоо боюнча жаңы технологиялардын (онлайн насыя берүү системалары, товардык-кызматтык чекене кредиттөө жана башка) өнүгүшүнө бут тосору анык.

Экономиканын өнүгүүсүнүн жалпы деңгээли, мамлекеттик жөнгө салуучу жана институционалдык чөйрөнүн өнүкпөгөндүгү жана натыйжалуулугунун чабалдыгы менен бирге Кыргызстандын финансы секторунун дүйнөдөгү интеграциясынын төмөндүгү бизнес менен калк үчүн финансылык ресурстардын баасынын кымбаттыгы менен жеткиликсиздигинин негизги себептери болуп саналат.

КРнын банк секторунда чет элдик жана улуттук валютадагы насыялардын орточо салмактанып алынган пайыздык чени 2022-жылдын аягына карата 15,1%ды түзгөн, ошол эле мезгилдеги депозиттер боюнча чен 3,3%ды түзгөндүгү жергиликтүү банктардын жогорку пайыздык “маржасын” мүнөздөйт, ал эми пайыздык киреше – банк секторунун негизги статьясы.

Эл аралык уюмдардын серептерине жана ар түрдүү изилдөөлөрүнө ылайык, ресурстардын салыштырмалуу кымбаттыгынын негизги факторлору болуп Кыргызстандын финансы секторундагы атаандаштыктын жетишсиз деңгээли, экономиканы монетизациялоонун төмөндүгүнө (2022-жылдын аягына карата 36%) байланыштуу кредиттерге керектөөчүлөрдүн жогорку суроо-талаптарынын болушу саналат.

Ошондой эле, дагы бир эң маанилүү фактор болуп ресурстардын баасына таасир этүүчү укуктук-ченемдик системанын «жогорку» наркы жана сапаты төмөн болгон олуттуу тобокелдиктерди дагы айтса болот. Кыргыз Республикасынын банк секторунда экономикадагы "узак" ресурстар дээрлик жок, 3 жылдан ашык депозиттер депозиттик базанын 0,6% гана түзөт.

Акыркы жылдары дүйнөдө, өзгөчө пандемиядан кийин маалымат технологиялары секторуна көңүл бурулуп, өнүгүү байкалууда. Биздин өлкөдөгү ушундай эле тенденциялар жана бул секторду өнүктүрүү өнүккөн рыноктордун талаптарын канааттандырууга, ошондой эле жергиликтүү тейлөө тармагына, өзгөчө экономиканын керектөө секторуна (электрондук коммерция, жеткирүү кызматтары, төлөм кызматтары, мобилдик капчыктар жана финансылык кызматтар ж.б.). багытталган. Банктардын жана финансылык компаниялардын чыгашаларды автоматташтырып азайта турган кызматтары/программалык тиркемелери өнүгүүдө, алар ошол эле маалда чекене соодадагы финансы институттары аркылуу берилчү насыялардын же товардык кредит/бөлүп төлөөлөлөрдун ылдамдыгын жана ыңгайлуулугун жогорулатат.

Демек, финансы секторун насыялоо жана инвестицияларды тартууда чыгымдарды азайтуу боюнча иштердин негизги багыттарынын бири болуп, жөнгө салуунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу, укуктук системанын тобокелдиктерин жана чыгымдарын азайтуу, ошондой эле өлкөнүн каржы рыногундагы ар кандай субъекттер арасында атаандаштыкты жана тең укуктуулукту колдоо болуп саналат.

Финансылык-кредиттик системанын натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги фактору болуп кредиттик маалымат менен маалымат алмашуунун эффективдүү жана толук системасы саналат. Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө ылайык, кредиттик маалымат алмашуу системасынын сапаты жана туруктуулугунун мүнөздөмөлөрү төмөнкүлөр болуп саналат:

Насыя алуучулар жөнүндө терс жана оң малыматты бирдей берүү.

Жалаң терс маалыматтарды берүү үлгүлүү карыз алуучулардын пайдасын азайтып, ошондой эле алардын насыяларынын көлөмү жөнүндө толук маалыматты көрсөтөт;

• Чекене сатуучулар менен коммуналдык кызматтардан маалымат жыйып, жайылтуу.

Маалымат алмашууну кеңейтүүнүн бир жолу - коммуналдык ишканалардан, мисалы, электр энергиясы же уюлдук операторлордон кызматтарды төлөбөй жүргөн кардарлар жөнүндө маалымат алмашуу. Бул өзгөчө алгачкы жолу насыя алып, кредиттик деңгээли жана/же тарыхы жок кардарлар үчүн пайдалуу;
Кредиттик бюрого/реестрге маалымат берилген кредиттин суммасынын чегин азайтуу же жокко чыгаруу

Отчет берүү үчүн кредиттик чек жогору болгондо, көптөгөн майда чекене жана тейлөө насыя алуучулар өткөрүлүп жибериши мүмкүн.

Көптөгөн өлкөлөр маалымат берүү башталган сумманын чегин алып салышат

• Кредиттик бюро/регистрлерге кредиттик деңгээл боюнча маалымат берүү

Кредиттик рейтингдерди берүү, башкача айтканда, карыз алуучунун бардык милдеттенмелерин аткаруу ыктымалдуулугуна статистикалык баа берүү кредиттик бюролордун/реестрлердин маанилүү кошумча кызматы болушу мүмкүн. Мындай маалымат рыноктун натыйжалуулугун жакшыртат жана жакшы карыз алуучуларга дем берет.

КРнын экономикасы кызматтык экенин, чекене жана дүң соода менен сервис анын бирден бир бөлүгүн түзөрүн жана бюджеттин толукталышына олуттуу таасир тийгизерин эске алуу зарыл. Дал ушул жаңы технологиялар, автоматташтыруу жана кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу экономиканын бул сегментинин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот. Кыргыз Республикасынын Мамфинкөзөмөл кызматынын кредиттик маалымат алмашууга катышуучуларды кыскартуу демилгеси финансы секторун өнүктүрүүнүн заманбап эл аралык тенденцияларына, мамлекеттик органдардын каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана заманбап финансылык инструменттерди өнүктүрүү саясатына каршы келет.

Самат Конокбаев, КРнын Улуттук банкынын Башкаруу тобунун мурдагы мүчөсү, КРнын «Банктар аралык Процессинг Борборунун» кеңешчиси.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх