Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев: Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги ИКАО аудитинен ийгиликтүү өтүп, Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуусуна жол ачылууда

Кыргызстандын авиация тармагы бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктады

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КР жарандык авиациясынын 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, кыргыз авиация тармагынын кызматкерлерин, бул тармактын ардагерлерин жана конокторду куттуктады.

Өз сөзүндө минкаб төрагасынын орун басары авиация тармагын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын президентинин жеке көзөмөлүндө экенин белгилеп, коопсуздук жана сапат жагынан эл аралык стандарттарга жооп берген кызмат көрсөтүүлөргө жетүү үчүн алгылыктуу иштер аткарылып жатканын билдирди.

“Жакында эле Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттик, 4 жылда өтүүүчү Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөндүгүн өзгөчө сүйүнүч, толкундануу менен айта кетейин. Өзүңүздөр билгендей, бул – Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен өтүү менен, Кыргызстандын авиация тармагы бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктады. Бул аракеттерибиз Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга өбөлгө болот. Белгилүү болгондой, Кыргызстан 2006-жылдан бери ушул “кара тизмеден” чыга албай келген” – деди Бакыт Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле мамлекет жарандык авиациянын инфратүзүмдүк базасын жакшыртууга жана заманбап технологиялар менен камсыз кылууга олуттуу жана чечкиндүү кадамдарга барып жатканын тизмектеди.

“Манас” эл аралык аэропортунун базасында – “Асман Эйрлайнс” көмөкчү авиакомпаниясы түзүлдү. Бул авиакомпания өлкө ичине гана эмес, өлкө сыртына да учууларды ишке ашырат. Ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунун өз каражатына жаңы, заманбап эки учак сатылып алынды (Bombardier Dash 8 Q400).

“Баткен” эл аралык аэропортунда ушул жылдын май айында учуп-конуу тилкесин калыбына келтирүү иштери аяктады.

“Каракол” эл аралык аэропортунда жаңы аэровокзал комплексин куруу, жарык сигнал берүүчү жабдууларды орнотуу менен аэродром элементтеринин жасалма катмарын реконструкциялоо жана учуп-конуу тилкесин узартылууда.

“Кербен” аэропортунун ишин калыбына келтирүү максатында учуп-конуу тилкесин кеңейтүү жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө.

“Талас” аэропортунда аэровокзалдын жаңы имаратын куруу жана аэродром элементтеринин жасалма катмарын реконструкциялоо жумуштары жүрүп жатат.

“Казарман” аймактык аэропортунда аэродром элементтерин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жасалууда.

“Нарын” аэропортунда аэровокзалдын жаңы имаратын куруу жана аэродром элементтеринин жасалма катмарын реконструкциялоо иштери бүткөрүлүүдө.

“Ош” эл аралык аэропортунда жүк терминалын курууну баштадык.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда быйыл жаңы аэровокзал комплексинин курулушу башталды” – деди ал.

Минкаб төрагасынын орун басары сөзүн жыйынтыктап жатып, өлкөнүн ар бир облусун камтыган алгылыктуу иштер мындан ары дагы улантылаарын, ошону менен бирге бир топ жаңы эл аралык багыттар боюнча аткарылган иштерге токтолду. Анда Түштүк Корея, Азербайжан жана Сауд Арабиясы менен аба каттамдары ачылды. Ошондой эле Сиань, Анкара жана Абу-Даби шаарларына жаңы каттамдар түзүлдү. Мындай каттамдар элибиздин аталган шаарлардан түз учууларына мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасында 1994-жылдан тартып 7-октябрь – Жарандык авиация күнү деп белгиленип келет. Ал эми анын таржымалына токтолсок, жарандык авиациянын тарыхы 1933-жылда Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин токтому кабыл алынгандан тартып башталган.

Фото Министрлер кабинети

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх