АЧК-11 долбоорунун негизинде 3,27 млрд сом кредит берилди
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген. Бул тууралуу Финансы министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзүүдө.
2023-жылдын 14-сентябрына карата Долбоордун алкагында республиканын 7293 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 275,7 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөө көлөмү 3,3 млрд сом.
КРФМ
Окшош макалалар
- Акылбек Жапаров АКА-Банктын башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушту
- Чуй облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 79,6 млн сом каржыланды
- Камактагы Кемпир-Абадчылар депутаттардан чет элдик өкүл жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл албоону суранышты
- Жусубали Төрөмаматов Шанхай Пудун өнүктүрүү банкынын Сиань департаментинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү
- Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырды