Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түштүк калаада муниципалдык асфальт заводу курулат

Аны менен бирге шаарда атайын таш майдалоочу заводду куруу пландалууда

2024-жылы Ош шаарындагы жолдорду кыска аралыкта сапаттуу куруу жана оңдоо максатында муниципалдык асфальт-бетон заводун жана атайын таш майдалоочу заводду куруу пландалууда. Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кечээ, Озгур айылында курула турган заводдун ордун жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына ижара келишиминин шарттарын жана курулуш материалдарын (кум, чопо, шагыл ж.б) казып алууда ижарага алынган жерлерди пайдаланган тараптар менен келишимде көрсөтүлгөн каражаттарды өз убагында бюджетке түшүрүү тапшырмасын койду.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх