Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан эми Өзбекстанга ири көлөмдө картошка экспорттойт

Тиешелүү келишимге кол коюлду

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын дыйкандары Ташкентке картошканын чоң партиясын экспорттошууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай келишимге Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков менен өзбек импортерлорунун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилди. Кол коюлган келишимге ылайык, биринчи жеткирүүнүн жалпы көлөмү 1000 тоннага жакын деп бааланууда. Товардын биринчи партиясы лабораториялык текшерүүдөн кийин жолго чыгат.

Кызматташуу Өзбекстанстандагы Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Соода өкүлчүлүгүнүн активдүү катышуусу менен ишке ашырылды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх