Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"ЭКСПО – 2023". Кыргызстандык 19 компания көргөзмөгө катышууда

Көргөзмөнү өткөрүү үчүн Катар өкмөтү Аль-Бидда паркынын аймагынан 1700 миң чарчы метр аянт бөлүп берген

Кыргызстан Катар мамлекетинде өтүп жаткан “ЭКСПО – 2023” көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара чөлдүү климаттык региондогу биринчи багбанчылык көргөзмөсү болуп, климаттын, суунун жана топурактын туруктуулугуна басым жасап, багбанчылык инновациясын кубаттайт. Көргөзмөнү өткөрүү үчүн Катар өкмөтү Аль-Бидда паркынын аймагынан 1700 миң чарчы метр аянт бөлүп берген.

КР Айыл чарба министрлиги 2023-жылдын мартында көргөзмөгө катышуу жөнүндө расмий макулдугун жөнөтүп, 2023-жылдын 29-июнунда катышуу келишимине кол коюлган. Бул иш-чара өлкөнүн инвестициялык, айыл чарба, экономикалык, туристтик, климаттык маселелерин илгерилетүү үчүн жакшы эл аралык аянтча болуп саналат.

"Кыргызстан" улуттук павильонун орнотуу үчүн иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан жалпы 900 кв метр участок бөлүнгөн, анын ичинен "Кыргызстан" улуттук павильонунда аянты 180 кв метр сатууга болот, калган участок стилистикалык жасалгалоого (маданият, туризм) арналган.

Көргөзмөгө Кыргыз компаниялары катышууда: бал – 9 компания, варенье, джем – 1 компания, суу – 1 компания, кургатылган жемиштер – 3 компания, текстиль жана жеңил өнөр жай – 2 компания, татымалдар – 1 компания косметикалык продукция (самын, крем, бальзам, майлар) – 1 компания, курут – 1 компания.

undefined

Министрликтин алдындагы Токой кызматы көргөзмө павильонунун сыртын жасалгалоо үчүн 40 даана 1,2 тонна салмактагы көчөттөрдү бөлүп берди. Алардын ичинен тянь-шань карагайы – 5 даана, тикенек карагайы – 5 даана, крым карагайы – 5 даана, карагайы – 5 даана, арча – 5 даана, чыгыш туя – 5 даана, колонна туя – 5 даана.

"Жашыл чөл, эң жакшы айлана чөйрө" көргөзмөсү ("ЭКСПО- 2023") 2023-жылдын 2-октябрынан 2024-жылдын 28-мартына чейин Катардын Доха шаарында өтүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх