Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Бишкек шаарында кагаз буюмдарын чыгаруучу өндүрүштүк ишкананын ачылышына катышты

Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрүп, 125 адам жумуш менен камсыз болгон

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында “ИФА” ЖЧКнын санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгаруучу жаңы өндүрүштүк ишкананын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 3,4 млн долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келингенин билдирди.

“Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу ишканаларды ачуу менен кагаз буюмдарына болгон импорттук көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган заводду ачууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “ИФА” ЖЧК ортосунда 3,2 млн долларга келишим түзүлгөн. Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон.
Акылбек Жапаров өз сөзүн жыйынтыктап жатып, бул долбоорду ишке ашыруу Россия Федерациясы менен соода-экономикалык мамилелер дагы бекемделээрин, анткени чийки заттын – макулатуранын 70%зы Россиядан алынаарын билдирди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх