Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда Мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводу ачылды

Ишкананын ачылышына кабминдин төрагасы Акылбек Жапаров катышты

Чүй облусунун Москва районунда “Кыргызпродуктборбору” ЖЧКнын соода-логистикалык борборунун базасында мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводу ачылды. Кабминдин басма сөз кызматы билдиргендей, ишкананын ачылыш аземине Акылбек Жапаров катышты.
МинКаб Төрагасы жаңы Мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводунун ачылышын колдоо максатында Кыргыз-орус өнүктүрү фонду 4 млн доллар бөлгөнүн билдирди.

“Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн берки 9 жылдын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоонун аркасында өлкөбүздүн экономикасын модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн катализаторлорунун бири болуп калганын белгилей кетүү керек.

Жалпысынан бул фонд тарабынан суммасы 589 млн 889 миң долларлык 3368 долбоор каржыланган. Каржыланган долбоорлордун жалпы санынын 56% айыл чарба тармагына туура келет”, - деди ал.
Акылбек Жапаров ошондой эле, өлкө калкынын 65%зы элет жеринде жашаарын, ошол себептүү айыл чарба тармагын каржылоо жогорулаганын билдирди.

“Агрардык секторду өнүктүрүү максатында 2 жылдын ичинде каржылоону 43,1 млрд сомго жеткирдик. Мунун ичинен агроөнөр жай кластерлерин колдоо максатында бүгүнкү күндө жалпы 17 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди. Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү максатында 16 кластер түзүлдү. Сиздер менен чогуу ачып жаткан завод “Жашылча” кластеринин биринчи агрегатору. Мына ушундай ак ниет ишкерлерибиз көбөйө берсин”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, IQF технологиясы аркылуу мөмө-жемиштерди дароо тоңдуруучу мындай завод Кыргызстанда биринчи жолу ачылууда. Логистикалык кампага 4 миң тонна жашылча-жемиш батат жана ишкерлер өлкө боюнча 1 миңден ашуун фермерден жашылча-жемиштерди сатып алат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх