Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Султанбай Айжигитов: Стратегиялык пландоосуз өнүгүү болбойт, муну тажрыйба көрсөттү

Кыргызстан көз карандысыз өлкө катары өзүнүн өнүгүү жолун издөөдө. Бир убакта биз экинчи Швейцария болгубуз келген, кийин жапон өнүгүү моделин сынап көрүүгө аракет кылдык. Бирок бул моделдердин бири да күтүлгөн натыйжаны берген жок. Эмне үчүн?

ЖК депутаты Султанбай Айжигитов мунун себебин системалык мамиленин жана стратегиялык пландоонун жоктугунан көрөт. Буга байланыштуу ал стратегиялык пландаштыруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Парламентарийлер бул мыйзам долбоорун үч окууда колдошту. Учурда ал КР Президентинин кол коюусунда турат. Стратегиялык пландаштыруу деген эмне? Ал советтик пландоодон эмнеси менен айырмаланат? Анын кандай артыкчылыктары бар? Бул тууралуу Vesti.kg корреспонденти Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов менен маектешти.

- Султанбай Абдрашитович, сиз ЖКнын жыйналыштарында стратегиялык пландоону колдонуу зарылдыгы тууралуу бир нече жолу айттыңыз. Бул эмне өзү?

- Эгемендүүлүккө ээ болуу менен биз СССРдин командалык-административдик башкаруусунан классикалык базар экономикасына өттүк. Рынок механизмдери бардыгын өзү чечет жана биз көп күч-аракет жумшабай гүлдөп өсөбүз деп ишендик. Ошондуктан, жеке менчик институтун киргизип, бааларды жана улуттук валютанын курсун эркин кое берип, мамлекет рыноктук механизмдерге кийлигишпейт деп экономикалык кереметти күтүп жашадык.

Көз карандысыздыктын 32 жылдык тажрыйбасы көрсөткөндөй, рынок көптөгөн маселелерди өз алдынча чече албайт экен. Бирок рынок механизмдери ресурстарды натыйжалуу жана тез бөлүштүрүү, калктын керектөөчү суроо-талаптарын ыкчам камсыз кылуу жаатында, экономиканын токтоп калган бөлүгүнөн ресурстарды өнугуп жаткан бөлугуно тез которуу маселесинде жакшы иштейт. Ал эми узак мөөнөттүү экономикалык өсүш жана өзгөчө тездетилген өнүгүү мамлекеттин активдүү ролун жана стратегиялык пландаштырууну талап кылат. Өлкөнүн келечегин рыноктун башаламандыгына таштап коюга болбойт. Эгерде мамлекет өз экономикасын татыктуу өзү башкарбаса, анда аны тышкы капитал жана саткын коррупциялык күчтөр башкарат. Ошентип мен бул мыйзам долбоорун демилгеледим.

Айрымдар муну СССРге кайтып келүү аракети деп эсептешет. Андай эмес. Совет мезгилинде жеке менчик жана бизнес болгон эмес. Ал мамлекеттик экономика жана ийилбеген директивалык пландаштыруунун негизинде башкаруунун командалык-административдик формасы болгон. Мен рынок шартында стратегиялык пландоону, башкача айтканда мамлекеттик пландоону жана рынок механизмдерин шайкеш келтирүүнү сунуш кылам. Мындай мамиле процесстерди жөнгө салууга жана системалаштырууга, жеке бизнестин ресурстарын пайдаланууга жана өлкөнү өнүгүүнүн узак мөөнөттүү тездетилген жолуна алып чыгууга мүмкүндүк берет.

- Пландаштыруу - процесс болгондуктан, ал айрым этаптардан турушу керек. Стратегиялык пландаштыруунун (БК) этаптары кандай?

- Эң туура. Бул стратегиялык максаттарга жетүүнүн, мамлекеттик долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын системалуу ишке ашыруунун, системалык милдеттерди чечүүнүн натыйжалуу, ийкемдүү жана дайыма шартка ынгайлаштуу кылган механизмин билдирген ырааттуу этаптардан турган процесс.

Бардыгы 2017-2026-жылдарга жана 2040-жылдарга чейинки мамлекеттик өнүгүү программалары жөнүндө угушту, бирок бул пландаштыруу эмес, аларды ишке ашыруунун так механизмдери жок "жол карталары" гана. Ошону менен бирге, алар өлкөнүн стратегиялык максаттары туура берилген мамлекеттик стратегиялык документтер.

Стратегиялык пландаштыруунун биринчи баскычы - мамлекеттик стратегиялык документтердин узак мөөнөттүү, ички жана глобалдык тенденциялардын божомолунун негизинде, өнүгүүнүн стратегиялык максаттарын аныктоо.

Экинчи этап - коюлган стратегиялык максаттарга жетүүнүн болжолу, андагы жагымдуу жана жагымсыз шарттар, ресурстардын жана убакыттын жетиштүүлүгү, аларды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануунун жолдору, мөөнөттөрү, аралык маселелер ж.б.

Үчүнчү этап - иш-аракеттердин конкреттүү планын, убакыт жана аралыкка коюлган стратегиялык максаттарга жетүү боюнча так жана ырааттуу кадамдар, тармактар аралык баланстын жана мурда жасалган божомолдун негизинде планды ишке ашыруунун бардык катышуучуларынын системалуу өз ара аракеттенүүсү.

Төртүнчү этап – каржы булактарды аныктоо, планды ишке ашыруучу каржылоонун үнөмдүү жана натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу, каржылоонун ачык-айкындуулугун, өз убагында жана даректүүлүгүн камсыз кылуу.

Бешинчи этап - пландын аткарылышы жана мониторинги, онлайн режиминде келүүчү акча агымын контролдоочу органдар тарабынан гана эмес, ар бир жаран өзүнүн смартфонундагы тиркемеси аркылуу контролдой алуусу.

Алтынчы этап - планды ишке ашыруучу катышуучулардын укуктарын жана милдеттерин иштеп чыгуу, стратегиялык планды ишке ашыруу боюнча өкмөт, бизнес жана илимдин ортосунда инвестициялык макулдашууну түзүү, планды үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн менчигинин түрүнө карабастан алардын жоопкерчилигин кароо.

Жетинчи этап - стратегиялык пландаштыруу процессин жана аны ишке ашырууну санариптештирүү, бул маалыматтын чоң агымын иштеп чыгууга жана процесстерди автоматтык түрдө башкарууга мүмкүндүк берүү.

Стратегиялык пландаштыруунун артыкчылыгы - өлкөнүн стратегиялык максаттарын жана узак мөөнөттүү өнүгүү багытын аныктайт, ресурстарды бириктирет, мобилизациялайт жана коюлган максатка жетүү үчүн коомду бириктирет. Мамлекеттик жана жеке структуралар, жалпы коом эмне кылаарын, качан, кантип жасоо жана кандай багытта иштеш керектигин так билет. Бул өлкөнү өнүктүрүү процессинин максималдуу ачыктыгын камсыз кылып, коррупцияны толугу менен жоюуга шарт тузот. Бизде жайылып кеткен кадрдык башаламандыктарды жоет, анткени план боюнча 10 күн же 1 айдан кийин адам өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара алабы же жокпу, андан кийин аны сыйлоо керекпи же кылмыш жоопкерчилигине тартуу керекпи, түшүнүктүү болот. Кадр саясатында табигый тандоо болот.

- Айтыңызчы, стратегиялык пландаштыруу жаңылыкпы же башка өлкөлөрдө колдонулуп жатабы?

— Биринчиден, пландаштыруу 25 жылдын ичинде агрардык өлкөдөн супер державага айланууга мүмкүндүк берген СССРде башталган. Өткөн кылымдын отузунчу жылдарында бүткүл дүйнө терең кризиске жана депрессияга кабылганда, Советтер Союзунун экономикасынын өсүү темпи жыл сайын 15-20%ды, айрым тармактар боюнча өсүш темпи жүздөгөн пайызды түзгөн. Пландаштыруунун натыйжалуулугу ушунда.

Көпчүлүк батыш өлкөлөрү рынок мыйзамдары менен гана жашайт деп жаңылыш ойлошот. Чындыгында, өткөн кылымдын 30-жылдарындагы Улуу Депрессиядан бүткүл Батыш дүйнөсү, пландоо, тармактар аралык баланс ыкмалары аркылуу чыккан. Мисалы, бүгүнкү күндө Батыштын трансулуттук компанияларында пландаштыруу СССРдин директивалык пландоосуна караганда кыйла катаал. Стратегиялык пландаштыруу кимге керек? Лидерликке умтулган, лидерлик статусун сактап калууну каалаган мамлекеттер же тез социалдык-экономикалык өнүгүүгө муктаж жакыр өлкөлөргө керек.

Азыркы учурда, узакка созулган глобалдык кризис учурунда, АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү мамлекеттик пландаштыруу менен рыноктун өзүн-өзү уюштуруу айкалышына негизделген өнүгүү моделине өтүп, бул моделди "Инклюзивдик капитализм" деп аташууда. Ал эми Кытай, Индия, Түштүк Корея, Тайвань өткөн кылымдын 70-жылдарында бул өнүгүү моделине өтүп, тездетилген экономикалык өсүштүн кереметтерин жасашты.

Кыргызстандын экономикасынын базар жолуна өтүшү, базардын көзгө көрүнбөгөн колу баарын жөнгө салып, гүлдөп-өнүгүүгө алып келет деген үмүтү жомок болуп чыкты. Эгемендиктин 32 жылында Кыргызстан өнүккөн индустриалдык-агрардык өлкөдөн тышкы жардамга дайыма муктаж болгон дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнүн катарына кирип кетти. Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тутумдары төмөндөп, биз көптөгөн социалдык пакеттерди жоготтук. Жумушсуздук, жакырчылык, коррупция, курч социалдык көйгөйлөр жана башкалар коомубуздун табигый көрүнүштөрүнө айланды. Бул үмүтсүз көрүнгөн кырдаалдан чыгуунун жолу барбы? Албетте!

Дүйнө глобалдык өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик пландоонун жана рыноктук өзүн-өзү уюштуруунун айкалышына негизделген жаңы технологиялык жана дүйнө тартибине өз убагында өтүүнүн системалуу жолун тапкан өлкөлөр алдыдагы ондогон жылдар бою туруктуу гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кыла алышат. Ал эми мындай системалуу пландоо механизмине ээ болбогон өлкөлөр эң жакшы учурда түбөлүк артта калып, жакырчылыкка батып, эң начары мамлекеттүүлүгүнөн ажырайт.

Кыргызстан үчүн жаңы технологиялык тартипке жана дүйнө тартибине өтүүнүн мындай системалуу механизми болуп "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору саналат.

Биздин экономика кайрадан индустриализацияга, жаңы ишканаларга жана жаңы технологияларга, тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүгө муктаж! Учурдагы өнүгүү моделинин парадигмасында биз буга эч качан жете албайбыз! Борборлоштурулган пландоонун жана рыноктук ишкердиктин шайкештирилген моделинин негизинде, коомдун социалдык уюмунун жана мамлекеттик башкаруунун принциптерин, финансы-экономикалык мамилелерди олуттуу реформалоо зарыл.

Бизде реалдуу мүмкүнчүлүк бар! Аны колдон чыгарбайлы, ал акыркысы болушу мүмкүн!

Эгер пландаштыруу өтө зарыл болсо, анда эмне үчүн биз анын мүмкүнчүлүктөрүн ушул убакка чейин колдоно элекпиз?

- Эң кызыгы, Кыргызстандын экономикалык кереметти жаратуу тажрыйбасы бар — феодалдык коомдун примитивдүү чарбасынан, капитализмди аттап отуп, 25 жылдын ичинде СССРдин курамында индустриалдык-агрардык чарбасы өнүккөн мамлекет курду. Тилекке каршы, көз карандысыздыкка ээ болгондон бери биз советтик мыкты тажрыйбадан баш тарттык, рынок экономикасынын жоболорун эмес, расмий экономикалык саясаттын даражасына көтөрүлгөн рыноктук догматиканы жетекчиликке алып, анын парадоксалдуулугунун ачык-айкын экендигине карабастан, азыркы учурга чейин аны карманып келебиз. Мен жаңы эч нерсе ойлоп тапкан жокмун, стратегиялык пландаштыруу теориялык жактан терең иштелип чыккан жана көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн практикалык тажрыйбасында кеңири сыналган. Ошондуктан, "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоорун демилгеледим, ал өлкөнүн жаңы моделине ийгиликтүү өтүшү үчүн укуктук негиз болуп бере алат.

Стратегиялык пландаштыруу баскычы жөнүндө сөз кылганда, болжолдоонун зарылдыгы жөнүндө айттыңыз. Ал эми бизде дүйнөлүк экономиканын жана эл аралык саясаттын өзгөрүшүн алдын ала айта турган адистер барбы?

— Тилекке каршы, биз мындай адистерди жоготуп алдык. Бирок планда мындай адистерди кантип даярдай аларыбыз жазылган. Стратегиялык пландаштыруу жөнүндө мыйзам биздин өлкөдө толук кандуу иштеши үчүн 5 жыл керек. Бирок, азыркы учурда, ушул Мыйзамдын негизинде, биз айрым системалык маселелерди чечүүбүз керек. Мисалы, калктын реалдуу акчалай кирешелерин жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугу, социалдык инфраструктураны куруу жана калкты турак-жай менен камсыз кылуу, туризмди өнүктүрүү. Кийин акырындык менен Кыргыз Республикасынын бүткүл экономикасын стратегиялык пландоо рельстерине которуу биз үчүн өтө зарыл. Бул өмүр менен өлүмдүн маселеси. Эгерде биз тез өнүгүүнү кааласак, анда базар шартында пландаштырууга өтүшүбүз керек.

        Учурдан пайдаланып, Президентибиз Садыр Нургожоевичке кайрылып, бул мыйзам долбоорун колдоп, ратификациядан өткөрүп берсе дейм. Стратегиялык пландаштыруу мыйзамы биздин экономиканын түзүмүн шайкеш келтирип, экономикалык өсүштү тездетет деп ишенем.

Ислам Жолдошов
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх