Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коррупцияга каршы күрөш. Үч жылдын ичинде атайын эсептерге 15,5 миллиард сом түшкөн

Каражаттар мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап төлөп берүү түрүндө келип түшүүдө

Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 2020-жылдан бери 15,5 миллиард сом кайтарылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап компенсациялоо түрүндөгү акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин депозиттик эсептерине которулат жана эсепке алынат. Алсак, 2020-жылы депозиттик эсептерге 2 719,4 миллион сом түшкөн;

- 2021-жылга - 1 915,9 млн сом;
- 2022-жылга - 4137,6 млн сом;
- 2023-жылга - 6 789,7 млн.

Жалпысынан 2020-2023-жылдар аралыгында 15 миллиард 562 миллион 65 миң сом каражат түшкөн.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх