МИК: Кыргызстанда 2023-жылы 1,4 миң үй-бүлө мамлекеттик ипотека алды
Кыймылсыз мүлктү сатып алууга бөлүнгөн каржылоонун жалпы суммасы 3 млрд сомдон ашкан
Кыргызстанда 2023-жылы мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров.
Өмүрөв кыймылсыз мүлктү сатып алууга бөлүнгөн каржылоонун жалпы суммасы 3 млрд сомдон ашкан.
- Ипотекалык насыялардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн аймактарында ишке ашырылган немис банкынын программасынын алкагында берилген. МИК 2024-жылы Кыргызстандын бардык облустарында мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулар үчүн үйлөрдү кура баштайт, - деп кошумчалады ал.
Фото www