Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Европа Биримдиги санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн Кыргызстандын министрлер кабминетине 3 млн евро которду

Каражат өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат

2024-жылдын 8-январында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 3 млн евро (295 млн сом) которду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган гранттык каражаттар КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялар боюнча инновациялык борбордун ишин жеңилдетүү үчүн, өлкөнүн бардык аймактарында Санарип-Аймак системасын илгерилетүүгө, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү жана өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатуу үчүн түзүлгөн. Аталган каражат бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат. Ошондой эле бюджеттик колдоо электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары менен коштолот.

- Белгилей кетсек өлкөнүн ичинде жеткиликтүү санариптик трансформация, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы интернет КР Министрлер Кабинети менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуунун негизги артыкчылыктарынын бири,- деп айтылат маалыматта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх