Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендин Самаркандек айылында логистикалык борбор курулат

Ушундай эле логистикалык борбор Баткен районундагы Ак-Татыр айылында курулмакчы

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында логистикалык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, керектүү жабдыктар келип түштү.
Логистикалык борбордун курулушу аяктаса, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгакоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.
Мекемеден билдиришкендей, борбор жеке ишкер Махамат Жумабаев тарабынан каржыланып жатат. Ошондой эле USAID уюмунун Агро соода долбоору колдоо көрсөтүп, жалпы суммасы 50 миң долларлык керектүү жабдууларды алып берет.
Ушундай эле логистикалык борбор Баткен районундагы Ак-Татыр айылында курулмакчы. Анын жалпы аянты 0,5 гектарды түзөт. Борбордун курулушуна 22 млн сом каралган. Каражат облусту өнүктүрүү программасынын алкагында район үчүн бөлүнгөн 125 млн сомдун эсебинен бөлүнгөн.
Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх