Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Байтик айылына аэропорт салынышы мүмкүн

Министрлер кабинети аймакты изилдөөгө каражат бөлүүнү тапшырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун Байтик айылынын аймагына аэропорт куруу мүмкүнчүлүгү боюнча изилдөө жана инженердик иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Мекеме жер участогуна тиешелүү аэронавигациялык, метеорологиялык жана башка зарыл изилдөөлөрдү жүргүзүүсү керек.

Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсына аэропорт курууга аймактын ылайыктуулугун изилдөө жана аныктоо максатында деталдуу инженердик изилдөө иштерин жүргүзүү сунушталды. Бул иштерге каражатты «Манас» аэропорту бөлөт.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх