Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматы ишкерлерди онлайн каттоо сервисин ишке киргизди

Эми ишкерлер жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай эле коюшса болот

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо сервисин ишке киргизди.
МСКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, эми ишкерлер жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай туруп Cabinet.salyk.kg сайтынан эле арыз бере алышат.

Каттоого арыз түзүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайтынан "Каттоо" бөлүмүн тандап, андан кийин "Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү" бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек.

Бул үчүн төмөндө көрсөтүлгөн үч ыкманын бирин колдонууга болот:идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ); электрондук цифралык кол тамганы (ЭЦП); Smart-iD KG.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх