Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын алдында туризм боюнча комитет түзүлдү

Комитеттин төрагалыгына Данияр Казаков шайланды

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин талкуулады, деп билдирди уюмдун басма сөз кызматы.


Палатанын президентинин айтымында, ИДПнын түзүмүндө туризм 5-7%ды түзөт, бул абдан жакшы көрсөткүч. Бирок туризм тармагында биргелешкен күч-аракет менен чечүүнү талап кылган айрым көйгөйлөр бар. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдында туризм боюнча комитет түзүлдү.

Жаңы комитеттин негизги милдети туризм тармагынын ишин системалаштыруу жана Кыргызстанда туризмди жагымдуу кылуу үчүн жаңы стандарттарды жайылтуу болмокчу.

Жыйындын жүрүшүндө туризм боюнча комитеттин төрагалыгына SAT туристтик компаниясынын директору Данияр Казаков шайланды. Туризм тармагында да активдүү иштеген Гүлмира Карымшакова комитеттин орун басарлыгына дайындалды.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх