Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда «Почта-банк» түзүлөт

Кытайлык компания менен меморандумга кол коюлган

Акылбек Жапаров "Почта-банкын" ачуу перспективаларын талкуулоо боюнча кытайлык “Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd” компаниясы менен жолугушту. Бул тууралуу министирлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


2023-жылдын 19-августунда «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому менен Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd. ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. 2024-жылдын январында тараптар ортосунда биргелешкен инвестициялоо боюнча алкактык келишимге кол коюлган.


Министрлер кабинетинен билдиришкендей, почта банкы ачылгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү, жарандар үчүн жеткиликтүү социалдык-багытталган көп функционалдуу калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү аркылуу «Кыргыз почтасы» ААКга таандык объекттерди модернизациялоо, реконструкциялоо же куруу ишке ашырылат.


Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх