Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Бажы тармагын санариптештирүү иштери күчөтүлөт

«Программалар мүчүлүштүксүз иштеши керек, ишке күчтүү IT адистерин тартуу керек»

Акылбек Жапаров КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында иш сапары менен өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында газ транспорт системасынын ишмердүүлүгүндөгү процесстерди санариптештирүү маселелери талкууланды.

Кабинеттин төрагасы бажы тармагын санариптештирүү боюнча иштер күчөтүлүп, Кыргызстан менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы өткөрүү пункттарына өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

«Азыр 21-кылым, заманбап технологиялардын доору. Экспорттолуучу жана импорттолуучу товарлардын бардык түрлөрү бажы кызматынын толук көзөмөлүндө болушун текшергиле. Учурда «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрүү пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жакында жаңы «Бедел» өткөрүү пункту ачылат. Программалар кемчиликсиз иштеши керек. Бажы тармагына иштөө үчүн күчтүү IT адистерди тарткыла», - деди Акылбек Жапаров.

Жыйында бажы тармагын санариптештирүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы менен тыгыз байланышта болуу зарылдыгы айтылды. Анын бирден бир себеби, өлкөгө киргизиле турган бардык товарлар тууралуу маалымат алдын ала атайын системага киргизилип, базарларда жайгашкан контролдук-кассалык аппараттар (ККМ) аркылуу товарлардын сатылуусу көзөмөлдөнөт.


Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх