Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда 200дөй өнөр жай жана социалдык объектилер ачылат

Чүй облусунда цемент заводу, автоунаа, кафель жана башкаларды чыгаруучу завод ачылат

2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасында 100 өнөр жай жана 100 социалдык объектилер ачылат. Бул тууралуу Бишкекте катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча экотехнологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземинде сүйлөп жатып өкмөттүн аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

«Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп, анын алкагында Кыргызстанда 100 ири өнөр жай ишканалары жана 100 социалдык объектилер ачылат. Ошентип, Чүй облусунда цемент заводу, кыргыз-өзбек жеңил унааларды чыгаруучу завод, кафель чыгаруучу завод, тамеки чыгаруучу жана башка ишканалар ачылат», - деди Акылбек Жапаров.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх