Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Камбар-Аты-1 ГЭСинин курулушунун алдын ала баасы эки эсе кымбат

Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы 4,5 миллиард доллар сарпталаарын жарыялаган

Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушунун алдын ала баасы эки эсеге ашыкча бааланганын энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун сөзүнө комментарий берип жатып билдирди.

Буга чейин саясатчы Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву менен жолугушууда Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоорунун алдын ала баасы 4,5 миллиард долларды түзөрүн, ал эми эл аралык ресурстарды мобилизациялоо үчүн инвестициялык форум пландаштырылаарын айткан.

Расул Умбеталиев 2012-жылдын 20-сентябрында Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 (К-А-1) куруу боюнча саясий маселе чечилгенин эске салды. Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча келишимге КР менен Россия Федерациясынын энергетика министрлери Автандил Калманбетов менен Александр Новак кол коюкан.

«Каржылоо Орусия тараптан болушу керек болчу. Үлүштүк катышуу эки жарымга бөлүштүрүгөн. Каскадды орусиялык “РусГидро” компаниясы, Камбар-Ата ГЭС-1ди “Интер РАО ЕЭС” ААК курушу керек болчу. 2014-жылдын 18-июнунда КР энергетика министри Осмонбек Артыкбаев журналисттерге билдиргендей, Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун баасы 2,7ден 3 млрд АКШ долларына чейин аныктаган. Орусиялык ААК Интер РАО ЕЭС курулуштун баасы 4,5 миллиард долларга жетиши мүмкүн деп билдирген.

2016-жылдын январында Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча келишимди денонсациялаган. 2023-жылдын 6-апрелинде «Электр станцияларын келечектүү өнүктүрүү жана капиталдык курулуш» ААКсынын башчысынын орун басары Ибрагим Алиев Sputnik агенттиги уюштурган видеоконференцияда Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун долбоордук наркын 2,9 миллиард доллардан ашык экенин билдирген. Бир МВттын курулуш бирдигинин баасы болжол менен 1,5 миллион АКШ долларын түзөт», - дейт эксперт.

Анын айтымында, ГЭС куруунун дүйнөлүк практикасында бир МВттын курулуш бирдигинин баасы 1,1-1,2 миллион долларды түзөт.

«1860 МВт кубаттуулуктагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу үчүн алдын ала баасы 2,1-2,3 млрд долларды түзүшү керек. Эгерде К-А-1 плотинасы тектердин кубаттуу, багытталган жарылуусу менен түзүлсө, курулуштун өзүнө турган наркын 10—15 процентке кыскартууга болот. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жарыяланган Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун ишке ашыруунун алдын ала баасы эки эсе андан ашып кетти», — дейт Умбеталиев.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх