Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ландшафтты калыбына келтирүүгө 52,4 миллион доллар бөлөт

«Долбоор климаттын өзгөрүшүнүн табигый кырсыктарга тийгизген таасирин азайтат»

Дүйнөлүк банк «Кыргыз Республикасындагы ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында Кыргызстанга 52,4 миллион доллар бөлөт.

Келишимге кол коюу аземи бүгүн болду. Кыргызстан тараптан ага КРнын каржы министри Алмаз Бакетаев, Дүйнөлүк банк тарабынан Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын аймактык директору Татьяна Проскурякова кол коюшту.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор селдердин жана мөңгүлөрдүн жашоо-тиричилигине жана жердин азайышына кыска жана узак мөөнөттүү таасирин азайтуу үчүн эффективдүү жана туруктуу мониторинг жүргүзүүгө багытталган.

«Долбоор климаттын өзгөрүшүнүн табигый кырсыктарга тийгизген таасирин азайтат, сел жана суу ташкындарынан болгон экономикалык жоготууларды азайтат жана аялуу жамааттардын туруктуулугун жогорулатат, ошондой эле 9500дөн ашык короо тиричилигин, 2754 кожолукту, 7828 га айыл чарба жерлерин жана көптөгөн социалдык объектилерди коргоого мүмкүндүк берет деп Финансы министрлигинде белгилешти.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх