Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын районунда 37,6 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган

Аудит 2021-2022-жылдарга жүргүзүлгөн

Нарын районунун жергиликтүү бюджеттеринде 37 млн 597,2 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу КР Эсеп палатасы билдирди.

Анын айтымында, аудит 2021-2022-жылдарга жүргүзүлгөн.

Белгиленген бузуулардын арасында:

- бюджеттик каражаттарды капиталдык салымдарга пайдаланууда жана курулуш иштерин жүргүзүүдө бузуулар – 2 млн 407 миң сом;
- мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо – 19 млн 904,9 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы башка укук бузуулар – 5 млн 658,9 миң сом;
• бухгалтердик эсеп боюнча ченемдик укуктук актыларды бузуу – 2 млн 801,8 миң сом;
• Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуу – 7 398,4 миң сом; ошондой эле башка укук бузуулар.

Белгиленген мыйзам бузуулар боюнча материалдар УКМКга, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына, айылдык кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү. Текшерилген айыл өкмөттөрүнө, мекеме-ишканаларга аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча көрсөтмөлөр жана сунуштар жөнөтүлдү.

Сүрөт Эсеп палатасынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх