Ысык-Көлгө кире бериште экопостто акча чогултуу кайрадан башталат
Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты көтөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Ысык-Көлдүн кире беришинен акча чогултууну сунуштоодо.
Анын айтымында, экопостто акча чогултууну кайра баштоо керек. Эл депутаты закондорго тийиштуу толуктоолорду киргизууну сунуш кылууда.
Өз кезегинде Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы, депутат Балбак Түлөбаев бул үчүн мыйзамдарды өзгөртүүнүн кереги жок деп жооп берди. Облустук ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу жетиштүү.
«Менин маалыматым боюнча, экопост жакынкы аралыкта жанданат», - деп кошумчалады Түлөбаев.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз