Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин түштүгүндө жаңы жолдор курулуп башталды

Курулушка 240 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын түштүгүндөгү жолдордун курулушун баштады.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жол Жукеева-Пудовкина көчөсү менен Токомбаев көчөсүнөн Газпром мектебине чейин, ошондой эле Түштүк БЧК аркылуу көпүрө курулат. Анын узундугу 1200 метрди түзөт.

Кошумчалай кетсек, келечекте Куттубаевден Маариф мектебине чейин жаңы көчө пайда болуп, Молдобасанов көчөсү Байтик баатырдан Жукеев-Пудовкинге чейин уланат.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектисин, Байтик Баатыр жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн бириктирген көчө курулат.

«Жолдор курулуш компанияларынын инвестициясынын эсебинен курулат, 240 миллион сомго жакын каражат каралган», - деп белгилешти мэриядан.

Мекеме кошумчалагандай, бул иш-чаралар борбордун түштүк-чыгыш тарабындагы жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана шаардын түштүк-батыш менен түштүк-чыгышын бириктирген транспорттук коридорлор менен камсыз кылуу максатында көрүлүп жатат. Бул Бишкектин аталган аймактардагы (Орто-Сай айылы, Чоң Арык айылы, Байтик Баатыр, Жукеева-Пудовкина көчөлөрү жана башкалар) көчөлөрүндөгү тыгынды жоюуга мүмкүндүк берет.

 

 Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх