Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор шаардын жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча концепция бекитилди

Негизги максаты жолдогу унаа тыгындарын азайтуу жана жол коопсуздугун сактоо

Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарынын аймагында жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана транспорттук тыгындарды азайтуу концепциясын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алды.

2024-2030-жылдарга карата жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана транспорттук тыгындарды азайтуу Концепциясы Бишкек шаарынын мэриясынын кыска жана орто мөөнөттүү милдеттерин, ошондой эле калаадагы транспорттук тыгындарды чечүү боюнча артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.

Мэриядан билдиргендей, жогоруда аталган Концепцияны ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарында көпүрөлөрдү куруу, жол инфратүзүмүн модернизациялоо, жаңы жол ачуу, веложолдорду уюштуруу, атайын бөлүнгөн тилкелерди жалпы тутумга бириктирүү, бир тараптуу кыймылды уюштуруу, башаламан унаа токтотуучу жайларды жөнгө салуу (саатына төлөнүүчү электрондук парковка), велосипеддерди сактоого арналган жайлардын жана токтотмолордун санын көбөйтүү, транспорт алмаштыруу түйүндөрүн жана унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, маршруттук тармакты оптималдаштыруу сыяктуу бир нече масштабдуу долбоорлор мерчемделүүдө.

Негизги максаты жолдогу унаа тыгындарын азайтуу жана жол коопсуздугун сактоо болгон жол кыймылын башкаруучу автоматташтырылган системаны ишке киризүү активдүү уланууда.

Бишкек шаарынын кире бериш аймактарына экиден кем эмес транспорт-алмаштыруучу түйүндөрдү уюштуруу меречемделип жатат. Анда бардык заманбап шарттар каралат. Негизги максат, облустардан келген шаарлар аралык жана аймактар аралык транспорт менен шаар ичинде каттаган коомдук транспортту байланыштыруу.

Буга ылайык, жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү Концепциясынын негизги максаты – шаардын көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу транспорттук тыгындарды азайтуу, жүргүнчүлөрдүн жол жүрүүсү үчүн жагымдуу, ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүү болуп саналат.
2024-2030-жылдар аралыгында Концепцияны ишке ашыруу аркылуу күтүлгөн натыйжалар:

•борбор калаада жүргөн жеңил унаалардын санын 20 пайызга чейин кыскартуу;
•транспорттук тыгындарды 30 пайызга азайтуу;
•кесилиштерде унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 30 пайызга жогорулатуу.
•транспорт агымынын орточо иштөө ылдамдыгын 30 пайызга жогорулатуу;
•көчө-жол тармактары боюнча бош мейкиндикти 35-40 пайызга чейин көбөйтүү;
•каттамдагы автобустардын орточо эксплуатациялык ылдамдыгын 30-40 пайызга жогорулатуу;
•автобус каттамынын үзгүлтүксүздүгүнө жетишүү жана каттамдын кыймыл интервалын 80 пайызга чейин кыскартуу;
•шаардын аймактарын коомдук транспорт менен толук камтуу;
•шаардын калкынын коомдук транспорт менен пайдалануу деңгээлин 60-70 пайызга чейин жеткирүү (жүргүнчүлөрдүн күнүмдүк агымын күнүнө орточо 700-900 миң жол жүрүүгө жеткирүү);
•коомдук транспорттун кыймылдуу курамынын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин 50 пайызга азайтуу;
•велосипед инфратүзүмүн кеңири өнүктүрүү.


Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх