Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Finca Bank Сбербанк жана Tinkoff Банктан которууларды кабыл алууну токтотот

Финансы мекемеси акча каражаттарын которуунун альтернативдүү ыкмалары тууралуу эскертти

5-майдан баштап Finca Bank «Сбербанк Онлайн» мобилдик тиркемесинде которууларды кабыл алууну токтотот. Чектөө тууралуу билдирүү банктын сайтында пайда болду.

Чектөөчү чара каржылык мекеменин бардык кардарларына таасир этет.

Кошумчалай кетсек, май айынын ортосунан тарта алар «Тинькофф Мобайл» тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасында жүргөн чет элдик жарандарды тейлөөнү токтотот.

"Биз сиздерге акча которуу системалары аркылуу каражаттарды алуунун башка альтернативдүү ыкмаларын колдонууну сунуштайбыз: Astrasend, Золотая Корона, UNISTREAM, Ria, Western Union», - деп Finca Bank кеңеш берди.

Эскерте кетсек, апрелдин башында Кыргызстанда Мир карталары аркылуу төлөм системасы иштебей калган. Банктар аралык процессинг борбору чектөөнү АКШнын экинчи ирет санкцияларынан качуусу менен түшүндүрдү.

Лейла Молдыбаева
Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх