Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Түркия 1-майдан тарта транзиттик жана жүк ташуу уруксат кагаздарын жокко чыгарат

Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө макулдашуулар жетишилди

Кыргызстан менен Түркия 1-майдан тарта эки тараптуу жана транзиттик жүк ташуу үчүн талап кылынган уруксаттарды жокко чыгарат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, макулдашуу Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдүн бир нече фазасында жетишилген.

Эми ата мекендик жана түркиялык жүк ташуучулар бири-бирине транзиттик жүктөрдү эркин ташый алышат. Ошондой эле жүктөрү жок өлкөлөргө кирүү жана үчүнчү өлкөлөрдөн жеткирүү үчүн квоталар көбөйтүлдү.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх