Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министрлиги алты айга тооктун жумурткасын Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салууну сунуштоодо

Мындай чаралар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында сунушталууда

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тооктун жумурткасын ташып келүүгө (реэкспортту, жумуртканы Кыргыз Республикасы аркылуу ЕАЭБтин бир субъектинен экинчи субъектине анын аймагында транзиттөөдөн жана ташууну кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мындай чаралар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рыноктун иштешин камсыз кылуу үчүн азык-түлүккө рыноктук бааны турукташтыруу максатында сунушталып жатканы айтылат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына жумуртканы мыйзамсыз ташылып келүүгө бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх