Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз сомуна 31 жыл

“Кыргыз сому көп жылдар бою аймактагы эң туруктуу валюталардын бири бойдон калууда”

Бүгүн, 10-майда Кыргызстан эгемен мамлекеттин ажырагыс символуна айланган өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун жүгүртүүгө чыгарганына 31 жыл толду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, эгемендүү мамлекет үчүн бул тарыхый окуя өзүнүн акча-кредит саясатын ишке ашыруунун башталышы болуп калды, ошондой эле улуттук төлөм жана банк тутумдарын калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн негиз болуп калды.

«Геосаясий жана экономикалык олку-солкулуктарга карабастан, кыргыз сому көп жылдар бою аймактагы эң туруктуу валюталардын бири бойдон калууда. Бүгүнкү күндө улуттук валюта – сом өзүнүн туруктуулугу, коргоочу касиеттери боюнча дагы, банкноттордун жасалгасы боюнча дагы башка валюталардын арасында татыктуу көрсөтүлүп, эл аралык көргөзмөлөр менен сынактарда жогорку баага ээ болууда”, - деп белгилейт Улуттук банк.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх