Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Караколго чейин темир жол салынат

Садыр Жапаров республиканын транспорт системасынын өнүгүшүнө токтолду

Караколго чейин темир жол тартылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Балычкыдагы эт комбинатынын ачылышында билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, азыртан эле Балыкчыдан Макмалга карай темир жол салынып жатат. Ал өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирет. Кошумчалай кетсек, Балыкчыдан темир жол тилкеси алгач Тамчыдагы аэропортко чейин, андан соң Караколго чейин узартылат.

Келечекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен бирге бул транспорт тармактары республиканын ичиндеги коммуникацияларды жана транспорттук түйүн катары эл аралык ташууларды кыйла жакшыртат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх