Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык ушул жылдын аягында бүтөт - Энергетика министрлиги

Министрлик учурдагы иштерге токтолду

Камбар – Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштер жылдын этегинде жыйынтыкталат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирип, эмне иштер жасалганын тизмектеди.

"Энергетиктердин негизги максаты — жыл аягына чейин даярдык иштерин бүткөрүү. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга багытталган даярдык иштери эки жылга пландалып, анда көпүрө салуу, суунун нугун буруу, туннель казуу, жол салуу жана аны бетондоо, электр зымдарын тартуу, жумушчулар учун убактылуу лагерь куруу каралган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда аткарылган иштер:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 318-чакырымынан Камбар-Ата-1 ГЭС участкасына кирүүчү жолдун №2 кесилишине чейинки 5,6 чакырым жолдун 2,8 чакырымына бетон төшөлдү;
  • транспорттук тоннелдин (ТТ-2) жалпы узундугу 1 388 метрди түзөт. Учурда бир тарабынан 64 метр, экинчи тарабынан 5 метр казылып бүттү;
  • электр зымдары тартылып, 9 мамыча орнотулган;
  • көмөк чордон курулуп, жолдорго топурак жана таштарды төшөө иштери жүрүп жатат;
  • Нарын дарыясынын агымын буруу үчүн дамба орнотулууда;
  • көпүрөнүн курулушу боюнча берилген алдын ала долбоордун негизинде көпүрөнүн таянычтары даярдалууда;
  • курулушчулар үчүн убактылуу лагерь курулууда.

Белгилей кетсек, ГЭСтин болжолдонгон кубаттуулугу 1860 МВт, жылына 5,6 миллиард кВт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Плотинанын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 миллиард куб суу топтолот.

Фото: www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх