Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 9 пайызга түшүрдү

Мындай чечимди көзөмөлдөөчү органдын кеңеши кабыл алды

Чечим бүгүн, 28-майдан тартып күчүнө кирет.
«Кыргыз Республикасында инфляциянын төмөндөшү уланып жатат: 2024- жылдын май айында керектөө бааларынын өсүш арымы жылдык мааниде 4,4 пайызды түзгөн (2023 жылдын декабрь айында – 7,3 пайыз).

Баалардын төмөндөө динамикасы Улуттук банк тарабынан 2022-жылдан тартып жүргүзүлүп келе жаткан инфляциянын өсүшүн чектөөгө жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүн акырындык менен төмөндөтүүгө багытталган акча- кредит саясатынын жыйынтыгы болуп саналат. Инфляциянын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын өсүш арымы туруктуу төмөндөшү уланып жатат, ага дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын акырындык менен төмөндөшү дагы өбөлгө түзүүдө.

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн ишенимдүү өсүшү уланууда: 2024-жылдын январь-апрель айларында реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 7,4 пайызды түзгөн. Экономиканын өсүшүнө негизги салым курулуш жана кызмат көрсөтүү сектору менен камсыз кылынган: негизги капиталга инвестициялык активдүүлүктү олуттуу кеңейтүү курулуш секторунун өсүшүнө шарт түзгөн; кызмат көрсөтүү секторунда өсүш мурдагыдай эле чекене жана дүң соода кылуу жагында катталган. Калктын реалдуу кирешесинин көбөйүшүнүн жана жеке адамдардын өлкөгө акча которууларынын таза агылып кирүүсүнүн эсебинен ички керектөөнүн кеңейиши уланууда.

Банктар аралык акча рыногунда жагдай туруктуу абалда сакталып турат. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү пайыздык чендери Улуттук банктын негизги ченинин өзгөрүшү менен кошо төмөндөп жатат. Банк системасында улуттук валютадагы үстөк ликвиддүүлүк жогорку деңгээлде сакталып турат, бул экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү андан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө. Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында өзгөрүлмө алмашуу курсу режиминин алкагында валюталык тооруктарга катышып жатат.
Тышкы экономикалык чөйрөдө Кыргыз Республикасынын экономикасына таасирин тийгизген негизги факторлордун динамикасы бирдей эмес, бирок жалпы алганда алардын таасири бир калыпта кармалып турат. Алдыңкы өлкөлөрдүн акча-кредит саясатынын катуулатылган шарттары глобалдуу инфляциянын басаңдашына шарт түзүүдө. Дүйнөлүк азык-түлүк рыноктору туруктуу абалга келип, негизги азык-түлүк товарларына баалар төмөндөп жатат.

Ошол эле учурда дүйнөнүн айрым региондорунда геосаясий курч абалга байланыштуу мунай жана алтын рыногундагы абал бир калыпта болбой жатат.
Кыргыз Республикасында жылдык инфляция көрсөткүчүнүн туруктуу басаңдашы өтүп жаткан жылдын акырына карата анын маанисинин күтүлүп жаткан орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч 5-7 пайыз чегинде түптөлүшү менен бирге акча-кредит саясатын жеңилдетүү мейкиндигин түзөт. Мындай шартта Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 9 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды.

Улуттук банктын акча-кредит саясаты өлкөдө баа туруктуулугун сактап турууга жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган. Ушуга байланыштуу Улуттук банк инфляция боюнча түптөлгөн тышкы жана ички факторлорго баа берүүсүн улантат жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган бардык тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатынын жүргүзүлүшүнө кылдат мамиле жасайт.
Улуттук банк кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 29-июлда өтөт», - деп айтылат расмий маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх