Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ишкерлерге жаңы муундагы кассалык машиналар бекер бериле баштады

Бардыгы болуп 32 миң кассалык машина чыгарууну пландап жатышат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жаңы муундагы гибриддик кассалык машиналарды ишкерлерге бекер бере баштады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ар кандай себептерден улам өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында кассалык машиналарды чыгаруу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бардыгы болуп 32 миң кассалык аппаратты чыгарууну пландап жатышат.

«Контролдук-кассалык машинаны алуу үчүн салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылышы керек», - деп белгилешти Мамлекеттик салык кызматы.

 

Сүрөт Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх