Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 1 миллиард сомдон ашык бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жер буга чейин мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп келген

Бишкекте баасы 1 миллиард сомдон ашык 2,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, козголгон кылмыш ишинин алкагында муниципалдык жер тилкеси алдын ала сүйлөшүп алуу менен жеңилдетилген баада алынып, жеке менчикке өтүп кеткени аныкталган.

«Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. 2011-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ал кездеги рыноктук баасы 2 миллион долларга жакын экени аныкталган жер участогу 340 миң долларга жеке менчикке өтүп кеткен жана максаты соода борбору менен көп кабаттуу турак жай комплексин курууга өзгөртүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин ээси аталган тилкесин мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен акысыз өткөрүп берди. Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана ага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх