Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Дордой Моторс” базарынын соодагерлери митингге чыгышты

Алар ЭТТН жана ЭСФ киргизүүгө каршы болушууда

"Дордой Моторс" базарынын айрым соодагерлери бүгүн митингге чыгышты, деп жазат маалымат каражаттары.

Маалым болгондой, азык-түлүк товарларын дүң жана чекене сатуу менен алектенген ишкерлер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактурага (ЭСФ) каршы чыгышууда. Алардын айтымында, аларды түшүнүү кыйын, ошондуктан алар бухгалтерди жалдоого мажбур болушат, бул кошумча чыгымдарды алып келет.

Ошол эле учурда акциянын катышуучулары кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууга каршы эместигин белгилешти.

Эскерте кетсек, 6-июнда президент Садыр Жапаров бизнес өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда кассалык аппаратты, ЭТТН жана ЭСФны киргизүү маселеси талкуулаган. Мамлекет башчысы ошондой эле ЭТТНны колдонбогондук үчүн айып салуу 2025-жылдын 1-январына чейин жылдырылганын айткан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх